Биринчи май районунун муниципалдык администрациясы сиздерди кан донору болууга чакырат.

Негизги максаты-калктын коопсуз канга жана анын компоненттерине болгон муктаждыгы жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, керектүү кан менен камсыз кылуу үзгүлтүксүз, ыктыярдуу жана акысыз донорлуктун жардамы менен гана камсыздалат.

Бүгүнкү күндө компоненттин курч жетишсиздиги бар. Ушуга байланыштуу бардык шаардыктардан донордук кан чогултуу боюнча масштабдуу акцияга катышууну суранабыз.

Урматтуу шаардыктар! Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60,  дареги боюнча Республикалык кан борборуна келиңиздер. Телефон номурлары: +996 (312) 54-19-18, +996 (312) 56-10-73.

Кан алуу 8.00дөн 14.00гө чейин жүргүзүлөт. Кан тапшырууга чейин сиздер эртең мененки тамакты ичүүңүздөр керек экендигин эскертебиз.