Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун каттамдарын карап чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жума сайын чогулуп турат.

Бул жолу беш суроо каралды.

Жыйынтыгында Жунусалиев-Жаманбаев-Ч.Айтматов көчөсүнүн чыгыш багыттагы участогундагы "Элек" ЖЧКсынын 106-кичи автобустук каттамынын жүрүү схемасын жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды.

№21 муниципалдык аймактык башкармалыктын кайрылуусу менен «Бригада» ЖЧКсынын №192 маршруттук кичи автобусунун Обьездной, Ибраимов көчөсү 2, Эмгекчил көчөсү 15 боюнча Ибраимов 3 көчөсүнө чейин кыймылынын схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү.

№4 муниципалдык аймактык башкармалыгынын өтүнүчү менен «Трансгрупп Коммуникэйшн» ЖЧКсынын №135 кичиавтобустун кыймылынын схемасы Ак Марал көчөсү менен андан ары Чортеков, Күйүков, Ак Таң, Камбар Ата, Садыбакасов, Эр-Тайлак көчөсүнө чейин жарым-жартылай өзгөртүлүп, калганы өзүнүн схемасы боюнча.

Талкуунун жыйынтыгы менен Ак-Марал, Ак-Таң, Күйүков, Чортеков, Жайыл баатыр көчөлөрүнүн боюндагы жолдорду оңдоо иштери аяктаганга чейин №135 кичи автобустук каттамдын кыймылын убактылуу өзгөртүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле Новопавловка айыл өкмөтүнө "Ак-Ордо" турак жай массивиндеги 498 -контурундагы 169-кичи автобустун кыймылынын схемасын өзгөртүүсүз калтыруу боюнча кайрылуу түшкөн. Жыйынтыгында жеринде комиссия уюштуруп, бул маселени кийинки комиссияга өткөрүү чечими кабыл алынды.

Эске салсак, бул комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелери боюнча объективдүү кароо жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.