“Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары таштанды салынуучу челектерди сырдап, иретке келтирүү иштерин баштады.

Биринчи май району боюнча жалпы 126 челек жана 16 таштанды таштоочу жай сырдалды.

Ленин району боюнча жалпы 168 челек жана 17 таштанды таштоочу жай, ал эми Свердлов районунда жалпы 200 челек жана 30 таштанды таштоочу жай сырдалып, иретке келтирилди.

Урматту шаар тургундары! Сиздерди таштанды сала турган челектерге аяр мамиле жасоого, аларды уурдап же талкалап жаткан адамдарды көрсөңүздөр: 0707486162  WhatsApp номуруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.