Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын аппарат жетекчилери, мэрияга караштуу аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын мамлекеттик тил боюнча адистери (лингвист-эксперттери) жана мамлекеттик тил боюнча иш-милдети жүктөлгөн адистери үчүн  жыйын болуп өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 6-июлундагы №116 «Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясаттын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү маселелери каралды.