Биринчи май акимиатында социалдык-маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу оорулар боюнча координациялык кеңеш болуп өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, райондук ҮМБнын, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун, Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын,  райондук билим берүү борборунцн, райондук мектептердин директорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, «Коломто» МИнын өкүлдөрү жана райондун активи катышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы №54 Токтому менен бекитилген баңгизатка каршы күрөшүү программасынын алкагында КРВИ жана Covid-19 боюнча эпидемиологиялык абал, курч ичеги-карын инфекцияларынын жана кене энцефалитинин оорусу боюнча алдын алуу чаралары, 2018-2030-жылдарга иш-чаралардын планынын алкагында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы №119 токтому менен бекитилген “Калктын психологиялык саламаттыгы” депрессиянын жана суициддин алдын алуу маселелери талкууланды.

Борбордо Ковид-19 коронавирус инфекциясы көбөйүп жаткандыгы байкалууда, буга байланыштуу коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында калк арасында профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Бишкек шаарынын аймагында 2022-жылдын алты айында КРВИ 34 412 учур катталган (өткөн жылы 39 834 учур), 15,9% га төмөндөө байкалган.

Оорунун анализине ылайык, 14 жашка чейинки балдар эң көп оорушат, бул куракта балдар чоңдорго караганда сасык тумоо жана КРВИ вирусуна сезгичтиги жогору.

2022-жылдын 6 айында Бишкек шаары боюнча курч ичеги-карын инфекцияларынын сезондуу өсүшү 2,3 эсеге белгиленген, Биринчи май районунда 449 учур катталган (2021-жылы 242) өсүш 1,8 эсеге көбөйгөн.

Ичеги-карын инфекцияларынын өсүшүн жана жайылышын азайтуу үчүн 74 санитардык көрсөтмө жөнөтүлдү, 8 эпидкомиссия отуруму өткөрүлдү, ири соода түйүндөрүндө жана базарларда радиолекциялар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат, курч ичеги инфекцияларынын, анын ичинде сальмонеллезду алдын алуу боюнча 56 лекция, борбордук радио аркылуу 17 баяндама, ТВ боюнча 31 эфир, медициналык кызматкерлер арасында 9 окутуучу семинар окулду.

Учурдагы мезгилге кене чагып кайрылгандардын саны 413 адамды түздү, алардын ичинен 2 учур кене энцефалитинин оорусу менен белгиленген.

КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин психиатрия жана наркология боюнча республикалык борборунун маалыматы боюнча азыркы учурда кырдаал төмөнкүдөй абалда турат: алкоголго көз каранды 34 258 адам, алардын ичинен 4060 аял, 8 226 адам наркологиялык каттоодо турат, алардын ичинен 474 аял, 10 жашы жете элек бала баңги затына окутууда, алардын ичинен 8 эркек бала жана 2 кыз.

Негизги себеп-жаңы психоактивдүү заттардын, вейптердин, вейпингдердин санынын тез өсүү темпи, 18 жашка чыга элек адамдарга таптакыр контролсуз сатуу жана сатууга тыюу салуу, дары-дармектерге көз карандылык, социалдык тармактар аркылуу жаштар арасында баңги заттарды жайылтуу, энергетикалык суусундуктарды контролсуз сатуу.

Ошондой эле психикалык ден соолук, депрессиянын жана суициддин алдын алуу маселелери талкууланды, анын алдын алуу уйку менен ойгонууну, эмгекти жана эс алууну нормалдаштыруу, жаман адаттардан баш тартуу, физикалык активдүүлүк, туура тамактануу, стресстен алыс болуу, мүмкүн болсо “Өзүң үчүн!” убакыт бөлүштүрүү, эс алуу күндөрүн психикалык ден соолукка пайдалуу майрамдарды өткөрүү, стресстен, эмоционалдык чыңалуудан, кыжырдануудан, ачуулануудан арылуу үчүн жөнөкөй ыкмаларды колдонуу.


Катуу стресстен, эмоционалдык толкундоолордон кийин, күнүмдүк стресстен кийин психологдон, үй-бүлөлүк дарыгерден же психотерапевттен жардам сураңыздар.

Жыйындын жүрүшүндө бардык катышуучуларга маалыматтык материалдар таратылды.