Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаус мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият, экология, туризм тармагында өз ара пайдалуу кызматташуу жана шаар деңгээлинде экологиялык маселелерди чечүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Эске салсак, Бишкектин делегациясы Гренобль жана Париж (Франция) шаарларында бир катар расмий жолугушууларды өткөрүүдө.

Максаты – шаарларды туруктуу өнүктүрүү жана атмосферага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу боюнча Европанын алдыңкы тажрыйбалары менен таанышуу.