Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекция тарабынан Ч.Айтматов проспектиси, 28 дарегиндеги Фрунзе гипермаркетинин кире бериш бөлүгүн демонтаждоо иштери башталды. Иштер «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин металлдан жасалган чатырынын мыйзамсыз тургузулгандыгы тууралуу катынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.