Бишкек троллейбус башкармалыгы жылына 30 миллионго жакын жүргүнчүнү ташыйт.
Жүргүнчүлөрдү 282 айдоочу тейлейт. Айдоочулар нөөмөт менен саат 05:30дан 22:30га чейин иштешет. Айдоочуларды алмаштыруу күн сайын саат 12:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жалпысынан бөлүмдө 766 кызматкер эмгектенет.
Шаарда 11 троллейбустук каттам: №2, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 14, 17 каттайт.
Азыр 19 көмөкчордондо капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен шаардын ичиндеги 6464 мамыча сырдоо иштери жүрүп жатат.