Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти муниципалдык менчик комплекстерин эффективдүү жана сарамжалдуу башкаруу максатында И.В. Панфилов атындагы сейил багында масштабдуу жаңылоолорду пландаштырууда.

Панфилов атындагы парктын мүлктүү комплекси 4,65 га жер тилкеси менен «Балдар оюн-зоок» ЖЧКсына сейил бакты жакшыртуу жана реконструкциялоо талабы менен  5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген.

Келишим 2009-жылдын 10-майында түзүлүп, кийин 2017-жылы узартылган. Бирок ижара мезгилинде паркты көрктөндүрүү боюнча олуттуу өзгөрүүлөр болгон эмес.

Учурда департамент Панфилов сейил багын жакшыртуу үчүн жаңы инвесторлорду тартуу маселесин карап жатат. Тиешелүү кызматтар менен биргеликте жаңы аттракциондорду орнотуу, кассалык машиналарды киргизүү, ошондой эле оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландалууда.