Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында вице-мэр Виктория Мозгачеванын жетекчилиги астында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Штабдын мүчөлөрү шаардагы коронавирустук инфекциянын жайылышы жана учурдагы эпидемиологиялык абалды, шаардык саламаттыкты сактоо уюмдарында жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектердин запасын камсыз кылуу, ошондой эле калкты эмдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди. Интенсивдүү көрсөткүчтөр боюнча борбор шаар жашыл аймакта.

Белгилей кетсек, акыркы суткада борбордо COVID-19 инфекциясынын лабораториялык тастыкталган 81 учуру аныкталган.

Вице-мэр COVID-19га каршы эмдөөнүн жай жүрүп жатканын белгилеп, калк арасында эмдөө процессин тездетүү зарылдыгына токтолду.
Штабдын отурумунун жыйынтыгында райондук акимчиликтердин башчыларына кызматтардын, жарандардын арасында коронавирус инфекциясына каршы вакцина алуунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Бүгүнкү күндө каалоочулар бардык убактылуу эмдөө пункттарында «SinoPfarm» вакцинасын ала алышат. «AstraZeneca», «Спутник-Лайт», «Moderna» вакциналары жок. Ошондой эле, жакында «Pfizer» вакцинасынын келиши күтүлүүдө

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы бардык сактык чараларын, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоону жана эмдөөдөн өтүүнү өтүнөт. Вакцинация-бул вируска каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу ыкмасы. Жоопкерчиликтүү болуп, өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар.