Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жана айдоочулары үчүн мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен жолугушуу уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү мекеменин кызматкерлерине жана айдоочуларына турак жайларын кантип камсыздандырууну айтып беришти.

Иш-чарага башкармалыктын 60тан ашык кызматкерлери катышты.

Маалымдама: 2015-жылдын 31-июлунда №209 “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын жалгыз уюштуруучусу болуп саналат. «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» АКнын ар бир облуста турак-жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү боюнча филиалдары бар.