Учкун жаңы конушунун Учкун-9 көчөсүндө канализацияны куруу иштери улантылууда.
Курулуш иштерин “Арай” ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.
Магистралдык канализация тармагынын узундугу 2,1 км түзөт.
Белгилей кетсек, Учкун-9 көчөсүндөгү асфальттын пайдалануу мөөнөтүн жогорулатуу максатында жана жол оңдоо иштеринин алкагында канализация тартылууда.
Биринчи этапта түтүктөр тартылып бүттү, эми насостук станция курулат.