Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекция Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти менен биргеликте “Ак-Ордо” конушундагы Алыкулов көчөсүн 60 чарчы метр аянттагы мыйзамсыз тосмодон бошотушту.

Ал эми Анкара көчөсүн бойлой түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, жалпы аянты 114 чарчы метрди түзгөн май алмаштыруучу жай менен авто тетиктер дүкөнүн өз ыктыяры менен демонтаждалды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.