Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, 20-июлдан тарта Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат.

«Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкесин реконструкциялоо пландалууда.

Аталган тилке жабылганда Разаков жана Панфилов көчөлөрү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болот.

Урматтуу шаардыктар! Жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап алууңуздарды суранабыз.