Ленин районунда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча райондук штабдын жыйыны өттү.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова жана №1, 2, 9 ҮМБлардын медициналык мекемелеринин жетекчилери Бишкек шаарынын жана райондун эпидемиологиялык абалы, ошондой эле коргоочу каражаттардын болушу жана эмдөө темпи жөнүндө маалымат беришти.

Райондук штабдын жыйынтыгында калк арасында санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү чечими кабыл алынды.