Ленин районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамды шаардыктардын так сактоосу боюнча рейддер уланууда.

Аталган иш-чара алдын алуу максатында оюн-зоок мекемелеринде өткөрүлүдө.

Ведомстволор аралык комиссия мекемелердин администрациясы жана коноктору менен коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки түтүнүнөн жана аэрозолдордон коргоо жөнүндө» мыйзамы боюнча  түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан белгиленген эрежелерди бузгандыгы жана сактабаганы үчүн 3 оюн-зоок жайына (Шехеразаде, Болконский, Огни Баку) 39 000 сом өлчөмүндө протоколдор түзүлдү.

Бүгүнкү күндө Ленин району боюнча 2022-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору  тарабынан – 247 000 сом, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан – 243 000 сом суммасында протоколдор түзүлгөн.