Күрөш боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жиу-житсу кафедрасынын машыктыруучу-мугалими Абдурахман Муртазалиев АКШда өткөн Дүйнөлүк оюндарда күмүш байгеге ээ болду.
Спортчу турнире жолдомону дүйнөлүк рейтингдин жыйынтыгы менен алган.
Дүйнөлүк оюндар 2022-жылдын 10-июлунан 15-июлуна чейин Бирмингемде (Алабама, АКШ) өткөн.
А.Муртазалиев үчүн бул оюндар анын карьерасындагы экинчи оюндар болду. Ал буга чейин 2017-жылы Дүйнөлүк оюндарга катышкан.