«Ош базары» соода-базар комплексинин аймагында өзгөчө кырдаалдар учурунда тиешелүү кызматтардын өз ара аракеттенүүсү үчүн өрт-тактикалык машыгуулар (ӨТБ) өткөрүлдү.

Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн (ӨКБ) өздүк курамы, жарандык коргоо кызматынын өкүлдөрү базардын администрациясына жана кызматкерлерине өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча көрсөтмөлөрдү беришти.

Өрт-тактикалык машыгууда соода түйүндөрүнүн убактылуу курулмаларынан өрт өчүрүүчү унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жасалып,  кире бериштер тосулду. Буга байланыштуу Ленин райондук муниципалдык администрациясынын жана ӨКМнин кызматкерлери соодагерлер менен шаардагы соода эрежелерин сактоо, ошондой эле өрткө каршы кызматынын ишине тоскоолдуктардын жаралышы тууралуу түшүндүрү иштери жүргүзүлдү.

Машыгууга Ленин райондук ӨКБ 27 кызматкери, ОПО кызматынан 10 кызматкер жана муниципалдык администрациянын кызматкерлери катышып, КамАЗдын негизинде бир өрт өчүрүүчү унаа тартылган.