Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстамбекова жаңы 2022-2023-окуу жылына карата  даярдыгын камсыздоо максатында оңдоо иштерине көзөмөл жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө 26 мектепте, 20 бала бакчада жана 2 балдардын чыгармачылык борборунда оңдоо иштери жүрүп жатат. Аталган мекемелерди оңдоого шаардык бюджеттен 138 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Жылытуу системасы, чатырлары, терезелери алмаштырылып, канализацияны оңдоо, спорт залдарды жана кийим алмаштыруучу жайларды капиталдык оңдоодон өткөрүү, инженердик түйүндөрдү алмаштыруу жана башка жумуштар аткарылууда.