15-22-июлда Бангкокто (Таиланд) дзюдо боюнча жаштар арасында өткөн Азия чемпионатында күрөш боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдик мектебинин тарбиялануучусу Алмазжан уулу Тегин өз салмагында (81 кг) күмүш медаль тагынды.

Чемпионатка Кыргызстандан тышкары 14 мамлекет: Индия, Казакстан, Кувейт, Малайзия, Монголия, Непал, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы, Сингапур, Тажикстан, Таиланд, Өзбекстан, Кытай Тайбэй өлкөлөрү катышты.

Тегин Бангкокко баруу мүмкүнчүлүгүн быйыл борбордо өткөн жаштар арасындагы өлкө чемпионатында өз салмак категориясында чемпион болуп алган. Дзюдо менен машыгып жатканына 10 жылдан ашты.

Азаматсың, Тегин! Биз сени менен сыймыктанабыз! Мындан ары дага ийгиликтер коштосун!