Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти Октябрь, Ленин жана Свердлов райондук администрациялары менен биргеликте “Ден соолук күнү” майрамын өткөрүштү.

Иш-чара жайкы каникулда балдарды спорт менен машыгууга үндөө жана социалдык жактан аярлуу жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамдык маанай тартуулоо максатында өткөрүлдү.

Октябрь районунда майрамга Кара-Жыгач-1, Кара-Жыгач-2, Төкөлдөш, Рухий-Мурас жана Алтын-Ордо конуштарынан балдар жана алардын ата-энелери чакырылган. Балдар эстафета жана аркан тартыш оюндарында күч сынашышты.

Ленин жана Свердлов райондорунда майрамга аймактагы бардык каалоочулар катышышты.

Свердлов районунда эстафета жана аркан тартыштан сырткары, балдар мас-рестлинг боюнча күч сынашып, иш-чаранын өзгөчөлүгү суу чачышуу болду.

Ленин районунда майрам «Диалог» шаардык маданият үйүндө уюштурулган. ШМҮнын спорт инструкторлору жана артисттери кызыктуу мелдештер, шахмат турнири, бий флешмобу, кызыктуу сынактар менен келгендердин көңүлүн ачышты.

Ар бир райондон 150дөн бала катышышты. Майрамдын аягында бардык балдарга белектер жана балмуздак таратылды.