«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын «Бишкекгаз» филиалынан билдиришкендей, 25-27-июлга чейин борбордун айрым райондорунда газ өчүрүлөт.

Буга азыркы иштеп жаткан төмөнкү басымдагы газ түтүгүнүн участогун кесүү жана жаңыдан орнотулган жер үстүндөгү газ түтүгүн туташтыруу себеп болууда.

Өчүрүү аймагы Суванбердиев – Скрябин – Шукуров – Беларусь көчөлөрү менен чектелген. Жалпысынан 35 абонент газсыз калат.