Борбор калаадагы аномалдуу ысык аба -ырайына байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы жасалма фонтан аркылуу абаны салкындатуу үчүн атайын техниканы колдонууда.

Бишкек шаарынын ар бир административдик районуна 2ден атайын техника чыгып жолдорго суу чачууда. Ар бир унаа 8 тоннага жакын суу чачып жатат.

Буга чейин “Тазалык” мындай иштерди аномалдуу ысык күндөрү жүргүзүп келген.
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен мындай иштер жуманын аягына чейин күнүнө 2 жолудан жүргүзүлмөкчү.