🔺 Мүмкүн болсо, күндүн эң ысык маалында күн нурунан алыс болуп, көлөкөдө болууга аракет кылыңыздар.
🔺 Ысыктан сактануу үчүн баш кийим жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиздер. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келиши мүмкүн.
🔺 Суюктукту көбүрөөк ичиңиздер: газсыз минералдык суу, лимон кошулган суу, муздак көк же кызыл чай. Газдалган жана алкоголдук ичимдиктерден алыс болуңуздар.
🔺 Суунун ашыкча муздак болбошуна көңүл буруңуздар, анткени ысыкта иммунитет төмөндөгөндүктөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт.
🔺 Сууга түшүү денени муздатуунун жакшы жолу. Сууга түшүү эрежелерин сактоо жана спирт ичимдиктерин ичпеш керек.
🔺 Сунуш кылынбаган,  тыюу салынган сууларда сүзүүгө болбойт.

Көбүнчө ысыкта тобокелге кабылган улгайган адамдар чоң коркунучка кабылышат. Алардын арасында кант диабети, артериялык гипертензия, кандагы холестериндин деңгээли жогору жана жүрөк-кан тамыр ооруларына тукум куума ыкташы бар, ашыкча салмак менен ооруган бейтаптар кирет.

Оорунун курчушуна жол бербөө үчүн төмөнкү эрежелерди аткаруу зарыл:
- текшерүүдөн өтүүгө, дарыгертарабынан белгилеген дары-дармектерди өз убагында алууга;
– кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин өлчөө;
- эгерде сиз ооруп жатсаңыз, ысык аба ырайында оор физикалык жумуштан алыс болуңуз;
- ден соолуктун начарланышынын белгилери байкалса, көлөкөгө барып, физикалык көнүгүүлөрдү токтотуп, медициналык мекемеге кайрылуу керек;
- демейде ичип жүргөн дарылардан ысыкта баш тартпаңыздар, аларды дайыма жаныңыздарда алып жүрүңүздөр.

Сууда сүзгөндө жана сыртта жүргөндө күндөн коргоочу кремдерди колдонуңуздар.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!