Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекциянын башчылары рейдде.

Начальниктин орун басары инспекторлор менен биргеликте Абдрахманов көчөсүн, Ахунбаев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин кыдырып чыкты. Чарбалык субъектилерге борборду көрктөндүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чектеш аймакты иретке келтирүү зарылчылыгы тууралуу эскертүүлөрдү тапшырдык.

Жалпысынан 23 эскертүү берилди. Ошондой эле, 18 даана жарнактар жана баннерлер жеринде демонтаждалды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;

- Ленин району боюнча: 0550070505.