Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Бишкек шаарынын экологиясын жакшыртуу максатында инспекция мончолорго рейд жүргүзө баштады.

Мончо ээлерине тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары ж.б.) жагууга тыюу салуу боюнча 13 эскертүү берилип, ошондой эле газга өтүү сунушталды.

Инспекция тыюу салынган заттарды өрттөгөн учурда менчигинин түрүнө карабастан, “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7500 сомдон 23000 сомго чейин айып пул саларын эскертет.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.