Ленин районунун акимиаты Жаш Гвардия бульварын көрктөндүрүү иштерин улантууда.

Ал үчүн Жаш Гвардия бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан стенд жаңыланып,  “Газондон басууга болбойт” деген 20 атайын тактача орнотулган.

Көрсөткүчтөр жарандарды газондорду басып жүрбөөгө, тазалыкты жана тартипти сактоого чакырат.

Урматтуу шаар тургундары!
Сиздерди, тазалыкты сактоону, газонду баспоону, ошондой эле, жашыл аянтчаларга жана муниципалдык менчикке кам көрүүнү суранабыз.