Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 26-июлдан баштап Суванбердиев көчөсүнүн бир бөлүгү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Карадарьинская көчөсүнө чейин оңдоо иштерине жабыла тургандыгын маалымдайт.

Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жолдорду калыбына келтирүү жүргүзүлөт.

Автотранспорттук каражаттардын жүрүүсү үчүн альтернативдүү жолдор Жукеев-Пудовкин, Матросов, Юнусалиев жана Карадарьинская көчөлөрү эсептелет.

Урматтуу шаардыктар! Жүрүп жаткан жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу алдын ала каттамыңыздарды пландап, түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз.