Капиталдык курулуш башкармалыгы Молдокулов көчөсүндөгү “Көк Жар” конушундагы турак жайдын курулушуна курулуш иштерин сатып алууну жарыялайт. Келечектеги турак-жай имараты 72 батирлүү  болот.

Мындан тышкары, төмөнкү жумуштарга сатып алуу жарыяланды:

- №41 орто мектептин көмүр отканасын газга өткөрүү;
- күрөш өнөрү боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөрдүн мектеп имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү;
- Жал-29 кичи районундагы №95 гимназия мектебинин аймагын жашылдандыруу;
- 4-кичирайондогу №17 мектеп гимназиясынын жанындагы аянт;
- №60 орто мектептин аймагын көрктөндүрүү;
- Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» паркындагы скважинаны оңдоо.

Ошондой эле, Тунгуч кичи районундагы №73 орто мектепке, №40 орто мектепке, 7-кичирайондогу №20 орто мектепке жана Жал кичи районундагы бала бакчага кошумча имаратты технологиялык жабдуулар менен жабдуу зарыл.