Октябрь администрациясынын кызматкерлери РИИБ, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Байтик-Баатыр көчөсү  №13/Б дарегинде жайгашкан жеке турак жайдын таштандыларын чыгарышты.

Үйдүн ээси таштандыларды бир нече жылдан бери чогултуп келген. Өз кезегинде кошуналар адам чыдагыс жыт боюнча көпкө чейин администрацияга арызданышкан.

Окуя болгон жерге барганда короо тиричилик таштандыларына толуп кеткени аныкталган. Жалпысынан 4 тоннага жакын таштанды чыгарылып, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жана бир жүк ташуучу унаа тартылган.

Үй ээси менен санитардык нормаларды бузуунун ушул сыяктуу фактыларына жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.