Кечки автоматтык сугарууга «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери гана эмес, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.
Жашылдандыруучуларга «Ынтымак» сейил багында суу ташуучу катары кызмат кылган ИИМдин 3 атайын унаасы жардам көрсөттү.
Мындан тышкары, Бишкектин көчөлөрүндө 20 суу ташыгыч 5 жолу каттап, Панфилов, Профсоюз, Москва, Баялинов, Токтогул, Ахунбаев, Масалиев, Токомбаев, Шералиев жана башкалар көчөлөрдү сугарды.
Кечки автоматтык сугаруу саат 19:00дөн түнкү саат 01:00гө чейин улантылды.