Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жаткан «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Суванбердиев көчөсүн бойлой Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Карадарыинский көчөсүнө чейинки бөлүктө реконструкциялоо пландалууда.
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы тарабынан санитардык бутоо иштери жүргүзүлүп, «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоору тарабынан бак-дарактарды алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бактарды алуу боюнча актылар бар.
Бак-дарактарды калыбына келтирүүгө кеткен чыгым «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына төлөнгөн.
Аталган көчөнүн жашоочулары жолду реконструкциялоону колдоп, жашыл аянтчаларды бузууга эч кандай каршылыгы жок.