Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык объектилерди оңдоону улантууда.

Бүгүнкү күндө №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жылуулук тутумдарын оңдоо иштери аяктады.

Ошондой эле №14, №16, №13, №1, 8-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун, №1 жана Жантөшев 117 дарегиндеги шаардык клиникалык ооруканалардын, №1 төрөт үйүнүн чатырларын, коммуникация системаларын жалпы оңдоо иштерин жүргүзүү уланууда.

Мындан тышкары, ыкчам медицина борборунун жана Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автобазасын оңдоо пландалууда.

2022-жылга курулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык 11 саламаттыкты сактоо объектисин оңдоо пландалууда.