«Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасына 11 кичиавтобустук каттам муниципалитеттин карамагына өткөрүлдү.

Транспорт жана жол-траснпорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти Бишкек шаарындагы 11 маршруттук линияларды, тактап айтканда №№102, 129,133,139,143,150,161,176,179, 200, 212 кичиавтобустук каттамдарды тейлеген ташуучу-фирма «БАТП ЛИГА» ЖЧКсы менен келишимди бузган.

Пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердигин жүргүзүү укугун тастыктаган зарыл документтер жок экендиги аныкталгандыктан, келишим токтотулган. Ташуучу-фирмада жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиясы болгон эмес.

Тактап айтсак,  Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, тиешелүү уруксаты жок автотранспорт каражаттары менен коммерциялык ташууга тыюу салынат.

Департаменттин директору эмне үчүн лицензияны узартпай койгондугун билүү үчүн ташуучу-фирманын жетекчиси Б.Матисаковго дароо телефон чалган. Бирок жеке фирманын жетекчисинен түшүнүктүү жооп келген жок. Бул «БАТП ЛИГА» ЖЧКсы менен келишимдик мамилени бир тараптуу токтотууга негиз болгон.

11 кичиавтобустук каттамдардын ишин үзгүлтүккө учуратпоо жана жарандарды коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Транспорт департаменти сынакка чейин аталган маршруттук линияларды “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” муниципалдык ишканасына убактылуу бекитип берүүгө мажбур.