Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте борбор калааны уруксатсыз орнотуулардан бошотууда.
Бул жолу Түштүк -2 кичирайонунда 5 жеңил объект алынып салынды.
8 чарчы метрди ээлеген «Белый» дүкөнү, 17 чарчы метрди ээлеген "Семейный" дүкөнү алынып, муниципалдык жер бошотулду.
Биздин команда кеңсе буюмдарын саткан мыйзамсыз орнотулган күркөнү, 18 чарчы метрди ээлеген «Даканай Юг-2» күркөсүн, 25 чарчы метрди ээлеген «MIX» күркөсүн дагы алып салды.
Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.