Октябрь районунун акими Азамат Дороевдин төрагалыгы алдында коллегиянын жыйыны  өткөрүлдү.

Ага Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Дайырбеков, ошондой эле шаардык, райондук кызматтардын жетекчилери катышты.

Жыйында райондун 2022-жылдын 1-жарым жылдыгына карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылдын 2-жарым жылдыгына карата милдеттер талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Октябрь районунун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысына салык төлөмдөрүн чогултуу боюнча активдүү ишти улантуу, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык жыйноонун пландык көрсөткүчтөрүнө чыгуу боюнча толук чараларды көрүү тапшырылды.

Билим берүү борборунун директоруна билим берүү процессине өзгөчө көңүл буруусу жана райондун мектептерин комплектөө боюнча иштерди күчөтүүсү милдеттендирилди.

Ошондой эле ден соолукту бекемдөө жана жеке коопсуздукту камсыздоо, эмдөө, жыл сайын флюорографиядан өтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.