Бишкекте Элебаев көчөсү ондоп-түзөө иштеринен кийин ачылды  ачылды.

“Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Элебаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү реконструкцияланды.

Жолдун узундугу 350 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына туурасы 1,5 метрден 2 метрге чейин тротуарлар төшөлүп, ирригация курулду.

Бишкек шаарынын мэриясы Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жана China Road & Bridge Corporation  компаниясына жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирет!