№9 китепканада жайгашкан коворкинг-борборго келгендер иштөөгө, компьютерлерди колдонууга жана конференцияларды өткөрүүгө гана эмес, ошондой эле курстарга, тренингдерге жана мастер-класстарга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Учурда китепканада мектеп окуучулары үчүн IT лагери өтүп жатат. Китеп сүйүүчүлөрү жайлуу китепканага чогулуп, сүйүктүү чыгармаларын талкуулай алышат. Ошондой эле, жаш бишкектиктер үчүн  өзүн-өзү өнүктүрүүгө багытталган жана араб тили курстары, аналитикалык иштерди жазуу боюнча, киберкоопсуздук жана түрк тили курстары өткөрүлүүдө.

Мындан тышкары, графикалык дизайнерлерге курс пландалууда.  

Китепканачылар үчүн СММ курсу өтүп, ага 40 китепканачы катышты.

Урматтуу шаар тургундары! Баарыңыздарды биздин жайлуу борборубузда күтөбүз. Курстарга 0220 117 524 What’sApp номерине чалып же https://taplink.cc/qhub тиркемеси аркылуу бардык каалоочулар жазыла алышат.

Бардык курстар акысыз. Ал эми конференция өткөрүү үчүн алдын ала байланышып, жазылуу абзел.

Китепкананын иштөө тартиби: 8:00-17:00. Ишемби жана жекшемби  күндөрү эс алуу.