Борбор калаада Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын курама командалары катышкан волейбол боюнча мырзалардын улуттук курама командалары арасында Борбор Азиянын чакырык кубогу жана Бишкек шаарынын мэринин кубогу аяктады.

Иш-чара 23-июлдан 27-июлга чейин «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинде өттү.

Мелдеш Түркмөнстан менен Казакстан курама командаларынын оюну менен ачылып, Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары улантышты.

Экинчи күнү оюн талаасына Өзбекстан менен Казакстандын оюнчулары чыгып, андан соң Кыргызстан менен Түркмөнстандын спортчулары күч сынашты.

Үчүнчү күнү Түркмөнстан Өзбекстан менен, Казакстан Кыргызстан менен беттешти.

3 күнгө созулган оюндун жыйынтыгында Өзбекстан Казакстан менен, Кыргызстан Түркмөнстан менен финалга чыгып, жыйынтыгында биринчи орунду - Кыргызстандын курама командасы ээледи.
2-орун – Түркмөнстан;
3-орун – Казакстан;
4-орун – Өзбекстан.

Кубок Бишкек шаарында волейболду кеңири жайылтуу, аны  өнүктүрүү жана командалардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.