Бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатууга каршы күрөшүү күнүн утурлай, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруунун алкагында Свердлов районунда тегерек стол өткөрүлүп, аталган Планды ишке ашыруу боюнча алдыдагы иш- чараларды иштеп чыгуу талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция башкармалыгынын начальниги Мамбетова Жыпар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы ишмердүүлүгүнө токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу маселелери талкууланып, айрым чечимдер кабыл алынды.