Борбор калаанын мэриясы Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Н.Токоноевдин кызматтан алынышы боюнча түшүндүрмө берет.

Токоноев Н.Ы. Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу жетекчи кызматынан бошотулган. Мында Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын бардык нормалары сакталган. Токоноев кызматынан бошотулушу мүмкүн экендиги жөнүндө убагында кабарланган. Мындан тышкары, ээлеген кызматына ылайык үч орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө бошотуу жөлөкпулу төлөнүп берилген.

Ошону менен бирге, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2022-жылдын 6-июлундагы чечими менен Н.Ы.  Токоноевдин доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган.

Бирок Бишкек шаарынын мэриясы бул чечимге макул эмес, сот аркылуу жогорку инстанцияга даттанууга камынып жатат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгын Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына кошуу жолу менен кайра түзүү Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек мыйзамдарынын талаптарын так сактоо менен ишке ашырылган.