Борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси Азиз Садырбеков акимчиликтерге «Санарип аймак» системасын толтурууну тездетүүнү тапшырды.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүү боюнча жыйын өткөрдү.

Ага жетекчинин биринчи орун басары Садык Мырзакматов, МАБдардын жетекчилери жана автоматташтырылган маалымат системасы боюнча окуудан өткөн кызматкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө МАБдардын «Санарип аймак» маалымат системасына үй чарбалык менчик жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө жана толтурууда пайда болгон көйгөйлөр талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы менен МАБдардын  жетекчилерине "Санарип аймак" системасын толтурууну тездетүү жана үй чарбаларын, катталган адамдардын санын толтуруу көрсөткүчтөрүн 70%га жеткирүү тапшырылды.

Маалымдама: “Санарип аймак” системасы 2020-жыл – Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан. «Санарип аймак» тутумунун негизги максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө адистердин ишин автоматташтыруу болуп саналат.