«Бишкексууканал» ӨЭБнын Суу менен жабдуу кызматынын бригадасы М.Горький көчөсүндөгү диаметри 350мм суу түтүк линиясындагы бузулууларды четтетти.

Жол тыгынын жана тоскоолдуктарды жаратпоо үчүн   оңдоо иштери  түнкү убакта жүргүзүлдү.

Таң аткыча  сууканалчылар суу түтүк тармагындагы аварияны четтетишти. Бузулган жерге диаметри 350мм жылдыруучу муфта коюлуп, аварияны четтетүү үчүн адистер комплекстүү иштерди алып барышты.