Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Кулатов көчөсүндөгү бактарды кыюу жана оңдоо иштери боюнча түшүндүрмө берет.

Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 2-фазасынын алкагында Кулатов көчөсүндө жолдорду оңдоо иштерин улантуу пландалууда.  

Көчөлөрдү реконструкциялоо 2 этапка бөлүнгөн:

1-этап - Кулатов көчөсү менен Каракульская көчөсүнөн Фатьянов көчөсүнө чейин узундугу 1000 погондук метр, туурасы 9 погондук метр жолду түзөт,  2021-жылы бүткөрүлгөн.

2-этап - Кулатов көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Фатьянов көчөсүнө чейин узундугу 400метр, туурасы 9 метр (иш жүрүп жатат). 2022-жылдын 30-сентябрына чейин бүткөрүү пландалууда.

Бүгүн аталган жолдун курулушунун мыйзамдуулугуна (2-этап), ошондой эле жашыл аянтчаларды кыюуга (10 бак) арыз менен кайрылган жакынкы үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуу болуп өттү. Айта кетсек, ар бир бак-дарактарды алуу  үчүн белгиленген тартипте жөлөкпул төлөнөт, жаңы бак-дарактарды отургузуу мезгилинин башталышы менен отургузулат, жогоруда көрсөтүлгөн бардык фактылар боюнча тиешелүү документтерди беришкен.

Долбоор Мамлекеттик экспертизадан жана экологиялык экспертизадан өтүп, бак-дарактарды кыюу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги, райондук администрациялары, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен макулдашылган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгы тарабынан бактарды алуу актылары бар.