Бильярд спорту боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучулары бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү болушту.

Чолпон-Ата шаарында өткөн "Динамикалык пирамида" оюну боюнча эркектер жана аялдар арасында бильярд спорту боюнча Дүйнө чемпиондугунда Дастан Лепшаков менен Ызатбек Ратбеков 3-орунга, машыктыруучу Каныбек Сагынбаев 9-орунга ээ болушту.

Жалпысынан дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 240 оюнчу катышты: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан, Россия Федерациясы, Беларусь, Латвия, Молдова, АКШ, Германия, Испания, Түштүк Корея, Пакистан, Индия, Ирак, Иран, Монголия, Түркмөнстан, Афганистан, Түркия, Азербайжан, Грузия, Сербия, Армения жана Румыния.

Мелдештер бильярд спорту жаатындагы эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо, «Динамикалык пирамида» бильярд оюнун дүйнө өлкөлөрүндө өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле "Динамикалык пирамида" боюнча  дүйнөлүк чемпионаттын  жыйынтыгы менен эң күчтүү оюнчуларды аныктоо максатында өткөрүлдү.