Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү  башкаруу боюнча департаменти «Бишкек шаарынын 125 - жылдыгы атындагы (Асанбай) сейил багын модернизациялоо» мамлекеттик-жеке өнөктөш долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо сынагына катышуу үчүн квалификациялык тандоону жарыялайт.

Департамент  бардык кызыкдар тараптарды «Бишкек шаарынын 125-жылдыгы атындагы (Асанбай) сейил багын модернизациялоо» долбоору боюнча жеке өнөктөш тандоо сынагына катышууга чакырат.

Бул долбоор борбор калаанын жашоочуларына жана конокторуна жагымдуу шарттарды түзүү максатында, сейил бактын инфраструктурасын өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн каралган.

Квалификациялык тандоого арыздарды 2022-жылдын 26-августунда саат 16:00гө чейин Бишкек ш., Шевченко көч. 25 дарегинин биринчи кабатында жайгашкан кадрлар менен иштөө, документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнө өзүңүздөр калтырсаңыздар же курьердик кызмат аркылуу жөнөтсөңүздөр болот.

Квалификация тандоо учурунда жазуу түрүндөгү кайрылууларды кабыл алуу квалификациялык тандоо жарыяланган күндөн башталат жана графикте көрсөтүлгөн күнү аяктайт.

Долбоорго тиешелүү суроолор боюнча төмөнкү даректерге кайрылыңыз:

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, Шевченко көчөсү,  25. Тел. +996 (312) 45-44-14; E-mail: dumi@meria.kg.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы МЖӨ борбору - Бишкек ш., Исанов көчөсү, 87. Тел. +996 (0880) 20-09-00; E-mail: pppgovkg@gmail.com

Сынакка катышуу үчүн квалификациялык тандоо менен бул жерден таанышса болот