Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу Касым конушунда жайгашкан №1 «Шоола» бала бакчасын оңдоо-калыбына келтирүү иштери аяктады.

Бала-бакчада жасалгалоо иштери толугу менен аткарылып, биринчи жана экинчи кабаттардагы жыгач, кафель полдору, жер астындагы инженердик коммуникациялар жана электр зымдары алмаштырылып, терезе жана эшик блоктору оңдолуп, толугу менен алмаштырылды, ошондой эле бардык тосмолор алмаштырылып орнотулду.

Подрядчы — «Изоэль» ЖЧКсы.

Учурда объект пайдаланууга берүүгө  даярдалууда.