Ленин администрациясынын кызматкерлери Кулиев көчөсүндө комплекстүү рейддерди өткөрүштү.

Муниципалдык администрациянын мобилдик тобу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана борбор калаанын көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте санитардык нормалардын жана эрежелердин сакталышын, көрктөндүрүү иштерин текшеришти.

Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы тарабынан Кулиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан коомдук тамактануу жайларында, мейманканаларда жана ири чарбалык субъектилерде салыктардын төлөнүшү жана контролдук-кассалык аппараттардын орнотулушун текшерилди.

Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери аталган көчөдө стихиялуу унаа токтотуучу жайды түзгөн шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле, муниципалдык администрациясынын социалдык бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ленин райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери менен биргеликте эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүлдү.

Рейддик иш-чаранын жыйынтыгында жалпы суммасы 43 000 сомду түзгөн 11 протокол түзүлүп, Бишкек шаардык ИИББсы 5 унааны убактылуу кармоочу жайга эвакуациялады.