Октябрь районун аппарат жетекчиси Максат Уюзуров МАБдардын башчылары жана район аймагында жайгашкан мечиттердин имамдары менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышы талкууланып, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү чогулгандарга салтанаттуу иш-чараларда мал союуга тыюу салган жаңы чыккан фатва тууралуу айтып беришти.

Жыйынтыгында райондун аппарат жетекчиси МАБдардын жетекчилерине райондогу мечиттердин имамдары менен биргеликте калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Райондун мечиттеринин имамдары жума намаздарында калк менен маалыматтык - түшүндүрүү иштери боюнча өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдиришти.

Октябрь районунун аймагында 8 мечит, 20 намазкана, 3 чиркөө жана башка сыйынуу үйлөрү бар. Азыркы учурда бардык диний мекемелерлеге Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө.