Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоковдун шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо маселеси талкууланып, бул үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 8-июлундагы №118 «Бишкек шаарында 2022-2024-жылдарга ишкерликти колдоо программасы жөнүндө» токтому кабыл алынган.

Жыйындын катышуучуларына чарба  субъекттерге муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана жер тилкелерин берүү бөлүгүндө ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү маселесин карап чыгуу, ошондой эле инженердик инфраструктура маселелерин чечүүдө өнөр жай ишканаларына жардам көрсөтүү тапшырылды.

Ошондой эле Мирланбек Байгончоков өнөр жай ишканалары менен жолугушуулардын графиктери шаардын ар бир административдик райондорунда бекитилиши керектигин белгиледи. Мындан тышкары, жооптуу аткаруучуларга экономиканын байкалбаган секторунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү, инвестициялык долбоорлордун, анын ичинде жеке ишканалардын маалымат базасын түзүү тапшырылды.